Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Иракта аскердик трибунал түзүлөт


БАГДАД. Ирактын Башкаруу Кеңеши согуш кылмышкерлерин жоопко тартуу үчүн өлкөдө аскердик трибунал түзүлө турганын билдирди. Кеңештин айтымында, трибунал Саддам Хусейин бийликке келген 1968-жылдан баштап ушул жылдын биринчи майына чейин режим тарабынан жасалган кылмыштардын баарын иликтеп, күнөөкөрлөрдү жазалайт. Кеңеш Саддам Хусейиндин өзү сыртынан соттолушу ыктымал экенин кошумчалады. Анын аралыгында, бүгүн Мосулда бир америкалык солдат өтүп бараткан машинеден атылган октон курман болду. Ошондой эле, күрт мекемесинин кеңсесине белгисиз бирөөлөр ок атып, андан бир күрт жетекчиси курман болду. Андан сырткары Мосулда жол жээгинде орнотулган бомба жарылып, андан өтүп бараткан америкалык аскердик автоколоннанын бир солдаты курман болду.

XS
SM
MD
LG