Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

АКШнын аскерлери сегиз карапайым кишини өлтүрүп салышканын мойнуна алды


КАБУЛ. Американын Ооганстандагы аскердик командачылыгы өткөн жума күнү болгон аскердик операциянын учурунда жергиликтүү сегиз тургунду, анын ичинде 6 баланы өлтүрүп салганын мойнуна алды. Окуя америкалык аскерлер Гардез шаарынын жанындагы буталарды бомбалап, талибан лидери Жинани молдону издеп жатышканда болгон. Америкалык командачылык кишилердин өлүмүнө байланыштуу терең кайгыруусун билдирди, бирок келечекте мындай трагедияны болтурбоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Ал эми америкалык аскердердин бомбалоосунан Газниде 9 бала өлгөн өткөн ишембидеги окуя азыр иликтенүүдө. Ооганстандын президенти Хамид Карзай мындай дейт:
"Окуяны иликтөө үчүн бул регионго эки делегация жиберилди, алардын бири менен мурдагы күнү өзүм сүйлөштүм. Биз мындай кайгылуу окуяларды болтурбоонун жолдорун издеп жатабыз."

XS
SM
MD
LG