БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жетектеген делегация маалымат коому боюнча Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан саммитке катышты. Саммиттин пленардык жыйынында мамлекет башчысы сөз сүйлөдү. Президенттин басма сөз кызматынан алынган маалымат боюнча, саммитке дүйнөдөгү 60тан ашуун мамлекеттердин башчылары жана өкмөт жетекчилери катышты.