Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Таластык фермерлер нааразылык билдиришти


ТАЛАС. Облустук администрациянын имаратынын алдына келишкен 300дөн ашуун фермер-дыйкандардын өкүлдөрүн губернатордун орун басары Анарбек Алдашүкүров кабыл алды. Фермерлер төө буурчак арзандап кеткенин айтышып, Түркиянын «Робин» фирмасы кайрадан ачылсын деген талап коюшту. Губернатордун орун басары жооп катары «Робин» фирмасынын өкүлү Машалла мырзанын жазган катын окуп берди. Ал катта «Робин» фирмасынын Таластагы кабыл алуучу 5 пункту 4-декабрда Карабуурада өткөн чогулуштан кийин жабылгандыгы айтылган. Мындан тышкары Анарбек Алдашүкүров мырза кыргыз өкмөтүнүн 2-декабрдагы токтомуна ылайык төө буурчак электр энергиясы, жер жана суу салыктары үчүн кабыл алына баштаганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG