БИШКЕК. Америкалык миллиардер Жорж Соростун демилгеси менен Кыргызстанда «Бишкек консенсусу» деген экономикалык саясат институту түзүлдү. Анын уюштуруу документтери Юстиция министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу шаршемби күнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун экономикалык реформалар боюнча программасынын координатору Чолпон Ногойбаева билдирди. Анын айтымында, институттун максаты - Кыргызстанда ачык саясаттын өнүгүшүнө, экономикалык стратегияны аныктоого, тышкы карыздар маселесин чечүүгө салым кошуу. Институттун директорлугуна Марат Тазабеков дайындалды. Байкоочулар кеңеши 9 кишиден турат.