Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Жалалабадда адам укуктарынын күнү кандай белгиленди?


ЖАЛАЛАБАД. Бул күнү облустагы укук коргоочулар жыйын өткөрдү. Анда Жалалабадда гана эмес, өлкө боюнча адам укуктары урматталып жаткандыгына күмөн саноолор көп экендиги белгиленди. Өспүрүмдөрдүн, аялдардын укуктарын сактоодо көп кемчиликтер бар экендиги айтылды. Жыйындын катышуучулары укук коргоочулардын кадырын кайра көтөрүш үчүн алар саясаттан тышкары болуп, атуулдарды мыйзам чегинде коргогону туура болот дешти. Абалды жакшыртыш үчүн укук коргоочулар бир уюмга биригип, кызматташмак болушту. Эми алар ай сайын чогулуп, чечилбеген маселелер боюнча пикир алышып турушат. Облуста адам укугун коргоочу 9 бейөкмөт уюм бар.

XS
SM
MD
LG