Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Адам укуктарын коргоо боюнча жаңы мыйзамдар кабыл алынат


БИШКЕК. Кыргызстанда адам укугун коргоого багытталган үч мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна сунушталды. Бул тууралуу бүгүн депутат Алишер Сабиров билдирди. Анын айтымында, долбоорлордун негизинде «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамга жана бир катар нормативдик актыларга өзгөртүү-толуктоолор киргизилет. Анын негизинде мамлекеттик кызматка киришип жаткан ар бир адис адам укуктарын коргоо боюнча экзамен берет. Иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлер болсо аттетациялоо учурунда адам укуктары боюнча сынактан өтүшөт. Экинчи мыйзам долбоору болсо адам укуктары менен байланышкан бардык мыйзамдардын Акыйкатчынын аппаратынын экспертизасынан өтүүсүн талап кылат. Кароого сунушталган үчүнчү мыйзам адам укуктары боюнча куралдуу күчтөр менен тартип коргоо органдарына демократиялык көзөмөл жүргүзүүгө негиз берет.

XS
SM
MD
LG