Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш жыйын өткөрдү


БИШКЕК. 10-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин жыйыны өттү. Анда «Кыргызстан калкынын Демократиялык кодексинин» жана коомдук кеңештин Интернет-баракчасынын тушоосу кесилди. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганына 55 жыл толгонуна карата уюштурулган бул жыйында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов сөз сүйлөдү. Ал Аскар Акаев жакында БУУнун баш катчысы Кофи Аннанга жолдогон катында адам укуктарын коргоп, демократияны өнүктүрүү максатында Кыргызстандын жетекчилиги уникалдуу кадамдарды жасаганын белгилегенин билдирди.

XS
SM
MD
LG