Пентагон сунуш кылган бул кадамды Ак үй толук колдойт, деп билдирди америкалык президенттин ырасмий өкүлү Скотт Маклеллан. Аталган документке ылайык, Ирактагы согушка каршы чыккан өлкөлөр, айрыкча Россия, Германия жана Франция Кошмо Штаттардын бюджетинен каралган 18 миллиард доллардан ашуун суммадагы экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча негизги контракттарга катыштырылбайт. Пентагон жарыя кылган бул чечимди европалык өлкөлөр кескин сынга алган эле. Маклеллан бул чечим бир эле министрликтин эмес,жалпы америкалык өкмөттүн макулдугу менен кабыл алынгандыгын ырастады.