Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Атмосферасынын ысышы – турмуш чындыгы болуп калды

Бириккен Улуттардын Айлана-чөйрө программасынын жетекчиси Клаус Төпфер бүгүн ушундай эскертүү жасады. Италиянын Милан шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган БУУнун конференциясында Төпфер "атмосферанын ысышы адамзатына кошумча азап-тозок жана экономикалык каатчылык алып келип жатат" деди.
Конференцияда айтылгандай, глобалдык ысуунун кесепетинен орун алган оор жаратылыш кырсыктары, анын ичинде сел, жер көчкү, кургакчылык жана бороон-чапкындар жыл сайын 60 миллиард доллардан ашык чыгашага дуушар кылат.
​
XS
SM
MD
LG