Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:13

Германияда полиция исламчыл радикал топторго каршы жалпы улуттук операция жүргүздү

Немис полициясы бүгүн эртең менен 1 миңден ашык үйдү тинтип, террористтик уюмга мүчө деп шектелген белгисиз сандагы адамга каршы тергөө башталды. Операциялар 11-сентябрдан кийин мындан эки жыл мурда тыюу салынган "Халифат" аттуу уюмга каршы жүргүзүлдү.
"Халифат" уюму 1984-жылы Түркиянын жараны Метин Каплан тарабынан негизделген. Каплан уюмдун мүчөлөрүн атаандаш исламчыл топтун анабашын өлтүрүүгө шыкактаганы үчүн, төрт жылга кесилип, ушул жазда бошонуп чыккан.
XS
SM
MD
LG