Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Мунапыс уюму анти-террордук мыйзамдарды сынга алды


Эл аралык Мунапыс уюму Британ өкмөтүн анти-террор мыйзамдарына таянуу менен, чет элдиктерди сотсуз кармап, акыйкаттыкка шек келтирип жатат деп айыптады.
Укук коргоочу уюм 11-сентябрдан көп өтпөй кабыл алынган мыйзамдар эл аралык стандарттарга шайкеш келбей тургандыгын эскертти. Мунапыстын өкүлү Кейт Ален "бул мыйзамдар дискриминациялоочу мүнөзгө ээ" деди. Анын айтымында, Британиянын атуулдары үчүн бир мыйзамдар, чет элдиктер үчүн башка мыйзамдар иштеп жатат.
Британияда эл аралык террорист деп шектелген 14 киши кармалып, катуу кайтарылган түрмөлөрдө салынган.

XS
SM
MD
LG