Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

ЖККУ аскерлеринин санын көбөйтөт


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Борбор Азиядагы Жамааттык тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн аскерлеринин саны 2004-жылы эки жарым эсеге көбөйөт. Мындай чечим уюмга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин 10-декабрда Москвада өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу бейшемби күнү орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыкты. Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, аталган жыйында уюмдун бирдиктүү штабынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу документтин долбоору, уюмдун 2004-жылдагы бюджети талкууланды. Мындан тышкары, ЖККУ менен НАТОнун ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды.

XS
SM
MD
LG