Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Аксылыктар Темирбек Акматалиевдин министр болуп дайындалышына каршы


БИШКЕК. Бейшемби күнү депутат Азимбек Бекназаров шайлоочуларынын атынан президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдоп, мамлекет башчысынан Темирбек Акматалиевди Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындаган жарлыгын жокко чыгарууну сунуш кылды. Ошондой эле, кайрылуу ээси «Аксы окуясына күнөөлүү Аманбек Карыпкуловду элчи, Темирбек Акматалиевди министр, Калмурат Садиевди Чегара кызматынын жетекчиси жана Чубак Абышкаевди Чүй облустук сотуна төрага кылып дайындоо фактысы мамлекет башчысынын Аксы каргашасына тиешеси бар экендигине ачык далил боло алат» деген пикирин билдирген. Ушундай эле кайрылууну Азимбек Бекназаров Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарына да жолдоп, алардан Темирбек Акматалиевдин талакердигин колдобоону өтүнгөн. Ал эми Темирбек Акматалиев да, Чубак Абышкаев да буга чейин «Аксы окуясы боюнча күнөөбүз жок» деген пикирин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG