БИШКЕК. Мурдагы өкмөт башчысы Амангелди Муралиев жетектеген «Биримдик» партиясы «Алга, Кыргызстан» партиясы менен биригүү тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим «Биримдик» партиясынын саясий кеңешинин 8-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына «Биримдик» партиясынын лидерлеринин бири, саясат таануу илиминин доктору Аалыбек Акунов билдирди. Анын айтымында, бул чечим эми партиянын жакында өтө турган республикалык курултайында каралып, андан соң коомчулукка жарыяланат. Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында «Жаңы заман», «Жаңы кыймыл», «Манас эл» жана «Кооператорлор» партиялары биригип, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүшкөн.