Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргызстандын чегарасын бузушту


БИШКЕК. 10-декабрда саат 14 чамасында Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Жалалабад облусуна караштуу Аксы районунун Жетиген айылынын тургуну Алимбек Батыралиевди кармап кетүүгө аракет жасашкан. Кийин белгилүү болгондой, алар Кыргызстандын мамлекеттик чегарасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Өзбекстандан келген куралчан топтун арасында Наманган облусунун прокурорунун орун басары, Янги-Курган районунун прокурору, ушул эле райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана башка 6 адам болгон. Бул окуя тууралуу «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова бүгүн Кербенден «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү маалымдады:
- Алимбек Батыралиев өзүнүн автомашинасы менен баратканда Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери аны токтотууга аракет кылышкан. Батыралиев токтобой өтүп кеткенде, аны Кербенге чейин кууп келишип, колун кайрып, өздөрүнүн машинасына салганга аракет жасашкан. Ошондо Батыралиев жардам сурап кыйкырган. Жакын тургандар ошол жерден ажыратып, Өзбекстандан келгендерди кармап калышкан.
Азиза Абдрасулованын айтымында, түнкү саат 12де Аксыга Жалалабад облусунун прокурору жана Улуттук коопсуздук кызматынын облустук бөлүмүнүн башчысы барышкан. Өзбекстандан өз мекендештерин куткаруу үчүн атайын өкүлдөр келип, натыйжада, кармалгандар Өзбекстанга кайра жиберилген. Ал эми Аксы районунун 100гө жакын тургундары таң атканча Өзбекстандын атуулдарын суракка алууну талап кылып турушкан.
Аксыдагы бул окуя тууралуу Ички иштер министрлиги, Чегара кызматы жана Жалалабад облусунун прокуратурасы маалымат берүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG