ОБСЕнин маалымат каражаттары боюнча өкүлү Фраймут Дуве, атап айтканда, Италияда кабыл алынган мыйзам премьер-министр Берлускони үчүн пайдалуу деп эсептеген эксперттердин пикирлерин келтирди. Ал ошондой эле Россияда маалымат каражаттарына көзөмөл орнотулганын сынга алып, мунун арты жакында өткөн парламенттик шайлоонун адилеттигине кадик келтирди деп билдирди.