Ооганстандын Жалалабад шаарында кечээ кечинде куралдуу кагылышуу болуп, америкалык аскерлер кол салган согушкерлердин төртөөнү атып өлтүрдү. Кагылышуу америкалык күзөтчүлөр бир нече шектүү адамды кармаганда чыккан. Жергиликүү калктын айтымында, кармалгандар - генерал Асматулла жана милиция башчылары болчу. Америкалыктардын айтымында болсо, милиция кээде эки тарапка тең иштейт.