Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Нарында электр энергиясын көзөмөлдөөчүлөрдүн кызматы жоюлганы калды


НАРЫН. Бул туурасында Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков 12-декабрда Нарын шаардык электр тармактар ишканасында болгондо билдирди. Губернатордун айтымында, жаңы жылга чейин ар бир трансформатордук кичистанция кардарлардын ѳздөрүнө бекитилип берилиши абзел. Анткени көзөмөлдөөчүлөр мындан ары ѳз милдеттерин аткара албастыгы айкындалды. Ошондуктан элдин арасынан азыр трансформатордук кичистанциялардын ээсин табуу учурдун милдети болууда. Андай адамдар ошол кичистанциядан түшкѳн каражаттын 5% эмгек акы катары алаары белгиленди. Буга чейин Нарын боюнча 11 трансформатордук кичистанция элдин менчигине ѳткѳрүлгѳн.

Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева менен Бакыт Аманбаев даярдашты

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG