Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жаңы келишимге кол коюлаары айтылууда


БИШКЕК. 24-декабрда президент Аскар Акаевдин Казакстанда боло турган иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн ортосунда «Биримдиктик мамилелер жөнүндөгү» келишимге кол коюлаары күтүлүүдө. Ал келишим эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат. Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда буга чейин кол коюлган «Түбөлүк достук жөнүндөгү» келишимди бекемдейт. Бул жөнүндө бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Умарзак Узбеков «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Элчинин айтымында, азыр Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда саясий маселелер боюнча пикир келишпестиктер жок. Эки өлкөнүн ортосунда соода-сатык өнүгүп баратат.

XS
SM
MD
LG