БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары өлкөдөгү кышка даярдыктын абалын талкуулашты. Палатанын бул күнкү отурумуна премьер-министр Николай Танаев жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Өкмөт башчысы «кыш мезгилинде калкты жылуулук жана отун менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурабайт» деп маалымдады. Танаевдин айтымында, Өзбекстанга газдын акысын товар менен төлөө маселеси чечилди жана карыз азыр товар менен төлөнө баштады. Өзбекстанга Кыргызстан газ үчүн 11 млн. доллар карыз. Жыйында депутат Жаныш Рүстенбеков азыр республикадагы энергетика тармагында системалык кризис башталганын, ал эми Бишкек ТЭЦи бүгүнкү күндө көмүр жана мазут менен гана эмес, адистер менен да жетиштүү түрдө камсыз болбогонун айтты. Анын пикири боюнча, жакында электр энергиясынын баасы кымбатташы толук ыктымал.