Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:51

Эл өкүлдөр жыйынынын тиешелүү комитети «Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланууга укугу бар» деген чечим чыгарды


БИШКЕК. «Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу бар. Эгер атаандаштарын утуп чыкса, ал дагы 5 жыл бою президент болуп иштей алат». Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мыйзамдуулук жана конституциялык түзүлүш комитети көпчүлүк добуш менен ушундай чечим кабыл алды. Добуш берүүгө беш депутат катышып, бирок комитеттин төрагасы Валерий Диль мындай чечимге каршы добуш берди.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов «Конституциянын быйыл кабыл алынган жаңы редакциясына ылайык президент Аскар Акаев келерки президенттик шайлоого катышууга укугу барбы?» деген суроо менен быйыл ушул комитетке кайрылган. Комитет анын кайрылуусун караган соң ушундай чечим кабыл алып отурат. Буга чейин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Дүйшөн Чотоновдун ушундай эле кайрылуусуна «кийинки мөөнөткө президент болуп шайланууга Аскар Акаевдин укугу жок» деген тыянак чыгарып берген.

XS
SM
MD
LG