Жети талапкер шайлоочулардан элүү миң кол топтогонго үлгүрүштү. Борбордук шайлоо комиссиясы эми алардын аныктыгын текшерип чыгат. Талапкерлердин бири Игор Георгадзе соңку беш жылдан бери Грузияда жашагандыгын тастыктоого тийиш. Мындай болбогон учурда ал кандидат болуп каттала албайт. Георгадзеге мурдагы бийлик эл аралык издөө жарыялаган эле.