БЕРЛИН. Германиянын соту жарандарды "ата-энем өлдү" деп алдап, соопчулукка акча чогулткан 31 жаштагы жигитти эркинен ажыратты. Ата-энеси тирүү, аман-соо эле жүргөн бонндук тургун чиркөө жамаатын жана жөнөкөй жарандарды 40 жолу алдап, алардан 6 миң евро акча топтогон экен. Кылмышкер ал акчаны маң заттарын сатып алууга жумшаган.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага