Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Сириянын пикиринде, АКШнын санкцияларынан Сирияда иштеп жаткан америкалык компаниялар жабыркайт


ДАМАСК. Сириянын мунай министри Ибрахим Хаддад АКШнын санкцияларынан Сирия эмес, Сирияда иштеп жаткан америкалык компаниялар жабыркаарын билдирди. АКШнын президенти кечээ кол койгон мыйзамга ылайык, Сирияга инвестиция жасоого чектөө киргизилип, Сириянын АКШдагы акчасы менен мүлкүнүн кыймылы токтотулат. Санкция Иракка кол салып жаткан террорчуларга каршы Сирияны чечкиндүү чара көрдүрүү үчүн киргизилди. Сирия өзүнө тагылган айыпты четке кагып келет. САНА расмий кабар агенттиги аркылуу тараткан билдирүүсүндө өлкө бул чечимди АКШ "Израилдин айрым чөйрөлөрүнүн кысмагы менен кабыл алды" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG