БРҮССЕЛ. Бүгүн Европа лидерлери Ооганстандын жаңы Конституциясы адамдардын жалпы укуктарын урматтоого негизделип, аялдар менен эркектердин укуктарын бирдей кепилдейт деген үмүтүн билдирди. Бирок Эл Аралык Кризистик Топтун бүгүн таркаткан билдирүүсүндө, ооган Конституциясынын долборунда борбордук жана жергиликтүү бийликтин ортосундагы ыйгарым укуктар даана аныкталбаганын айтылат. Ушундай эле сын пикирлерин билдирген Улуттар Уюмунун өкүлү Лахдар Брахими, борбордук өкмөттүн провинциялардагы өкүлчүлүктөрү күчөтүлүүгө тийиш дейт. Ал эми Ооганстандын президенти Хамид Карзай эртең чогула турган Лойа Жыргада жаңы Конституция шар кабыл алынаарына үмүт кылып жатат.