БРҮССЕЛ. Евробиримдиктин Брүсселде өтүп жаткан саммити уюмдун Конституциясын кабыл алган жок. Уюмдун өкүлү:
"Биз колдон келген баардык нерсени жасадык, бирок орток пикирге келе алган жокпуз",-деп билдирди. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичиндеги эң олуттуу келишпестик добуш берүү маселесине такалууда. "Эки эселик көпчүлүк" принцибин колдошкон Франция менен Германия калкы көп өлкөлөргө добуш берүүдө артыкчылык берилүүгө тийиш деп эсептешет. Буга Польша менен Испания каршы. Конституция боюнча сүйлөшүүлөр келерки жылы улантылат. Саммиттин соңунда делегаттар бир катар эл аралык маселелер боюнча жетишилген макулдашуулар жөнүндө коммюнике кабыл алышат. Саммитке уюмдун азыркы 15 мүчөсү менен ага келерки жылы кире турган 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.