КАРАКОЛ. Облустук бийликтин коллегиясы деп аталган жыйынды Ыссыккөлдүн жаңы губернатору Токон Шайлиева алып барды. Ал бюджеттин аткарылышы, жер салыгынын чогулушу, электр энергиясынын карыздарынын кайтарылышы тууралуу жергиликтүү жетекчилердин отчетторун укту. Облус боюнча жергиликтүү бюджет 88% гана аткарылган. Аксы, Түп райондорунда жер салыгын чогултуу 30-40% гана түзөт. Ал эми электр энергиясы үчүн облус 293 млн. 400 миң сом карыз. Токон Шайлиеванын коллегияда айткан пикирине караганда, жыл аягына чейин ишин жөндөбөгөн жетекчилер ээлеген кызматтарынан мыйзам чегинде четтетилет.