Эки өлкөнү бириктирген туннелдин узундугу 39 чакырым болот. Ал Испанияны Түндүк Африкадан бөлүп турган Гибралтар кысыгынын түбү менен жаткырылат. Долбоорго 30 миллион доллар сарпталат. Туннел аркылуу темир жол өтөт. Мындай туннел азыр Британия менен Франциянын ортосунда (Ла-Манш кысыгында) бар.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага