Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Германияда студенттер билим берүү тармагынын бюджетин кыскартуу планына каршы демонстрацияга чыгышты


Берлинде, Лейпцигде жана Франкфуртта кечээки акцияларга 20 миңдей немис студенти катышты. Студенттер билим берүүнүн бюджети кыскарса, мугалимдердин саны азайып, кафедралар жабылып, билим алуу акысы киргизилет деп тынчсызданышууда. Эки миллион киши жогорку окуу жайларда окуган Германияда бүгүн билим берүү бекер. Студенттер акыркы жумаларда Берлиндин шаар администрациясында отурма демонстрация өткөрүп, шаардын борборунан жылаңачтанып чуркап өтүп, жана башка бир катар нааразылык акцияларына чыгышты.

XS
SM
MD
LG