Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Дүйнө лидерлери Саддамдын туткундалышын кубаттоо менен кабыл алышууда


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Саддамдын кайра кайтып келиш коркунучу жоюлганын билдирди. Испаниянын тышкы иштер министри Ана Палацио буларга токтолду:
- Бул Ирак элинин боштондугу үчүн улуу күн болуп калды, себеби бүгүн канкор диктатордун жүрөктүн үшүн алган көлөкөсү жок болуп, ирак элинин боштондугу бекемделет.
Францияда президент Жак Ширактын маалымат катчысы Саддам Хусейндин кармалганына Ширактын катуу кубанганын билдирди. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер АКШнын президентин Саддамдын кармалышы менен куттуктады. Ал эми Араб лигасынын баш катчысы Амир Муса буларга токтолду:
- Бул - Саддам Хусейн кулагандан кийинки чоң жаңылык. Биз окуялардын өнүгүшүнө кулак түрүп жатабыз. Анткени бул кырдаалда таасир эте турган маанилүү окуя.

XS
SM
MD
LG