Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Иракта Саддам Хусейн туткундалды


Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейн колго түшүрүлдү. АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер бүгүн Багдадда өткөн пресс-конференцияда бул окуя тууралуу мындай деди:
- Айымдар жана мырзалар, биз аны колго түшүрдүк!..
Ушул эле маалымат жыйынында Ирактын убактылуу Башкаруу кеңешинин мүчөсү Адхан Пачачи буларга токтолду:
- Башкаруу кеңешинин атынан ирак элин бүгүнкү бактылуу, тарыхый күн менен куттуктайм. Коркуп-үркүүнүн, жашыруун кызматтардын жана репрессиялардын өлкөсү эми кайтып келбейт. Ирак эли кубанычы койнуна батпай, шаттанууда.
Aмерикалык колбашчы Рикардо Санчес Саддамдын кечээ өзү туулган Тикрит шаарынан 15 чакырым түштүктөгү ад-Даварда жертөлөдөн колго түшүрүлгөнүн билдирди:
- Өткөн түнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат сегиздерде Төртүнчү жөө аскерлер дивизиясынын күчтөрү коалициянын атайын күчтөрү менен бирдикте Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейнди колго түшүрүү боюнча "Кызыл таң" операциясын жүргүздү.
Санчес ошондой эле Саддамдын саламаттыгы жакшы экендигин бышыктады. Ал Саддамдын АКШнын карамагында экендигин ырастап, бирок кайда кармалып турганын айтуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG