Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

А.Эркебаев «Жылдын адамы» болобу?


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев дүйнөдөгү белгилүү саясатчылар менен ишмерлердин өмүр таржымалын иликтөөчү америкалык уюмдун «Жылдын адамы» наамын алуучу ишмерлеринин тизмесине киргизилди. Мыйзам чыгаруу палатасынын басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Американын биографиялык институтунун редакторлор кеңешинин чечими менен Абдыганы Эркебаевге Американын 2003-жылдагы ардактуу медалы ыйгарылат. Андан тышкары биографиялык институттун башкы редактору Митчелл мырза А. Эркебаевге эл аралык деңгээлдеги биографиялык китептин редактору болуусун сунуш кылды.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева даярдады.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG