БИШКЕК. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ишемби күнү тараткан маалыматка караганда, калктын 86% же 4 млн. атуул медициналык милдеттүү камсыздандырууга тартылган. Өткөн 11 айдын ичинде медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондусуна 78 млн. сом түштү. Фонддун адистеринин иликтөөсү боюнча, өлкө калкынын 40% дарылануу чыгымдарын өздөрү көтөрүшөт. Элдин жарымынан көбү медициналык дарылоо кызматынан жеңилдиктерди алышып, айрым атуулдар бекер дарыланат. Ошентсе да дарыгерлерге, дары-дармекке көмүскө акча берүүнүн көлөмү дале жогору бойдон калууда. Адистердин эсеби боюнча, жыл сайын саламаттык сактоо тармагында 1 млрд. сомдой каражат көмүскөдө тегеренет.