БИШКЕК. Кыргызстандын Каржы министрлиги 2005-2007-жылдардагы бюджетти болжолдоого киришти. Бул тууралуу маалыматты министрликтин басма сөз кызматы ишемби күнү таратты. Ал маалыматка караганда, Кыргызстандын жакынкы жылдардагы бюджеттик стратегиясын болжолдоп, кирешеси менен чыгашасын аныктоочу ырасмий документ эмдиги жылдын март айында аяктайт. Мындай болжолдоочу документ министрлик менен мекемелердин белгилүү мезгил аралыгындагы милдетин аныктап, адистерди алдын-ала даярдоого шарт түзөт.