Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Болот Тыналиев эл аралык уюмдардын кайрылуусу тууралуу оюн айтты


БИШКЕК. Бүгүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Болот Тыналиев Адам укугун коргоочуларды коргоо обсерваториясынын, Адам укугун коргоо боюнча эл аралык Хельсинки федерациясынын жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун 12-декабрдагы Кыргызстандын жетекчилигине жасаган кайрылуусу боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Анын айтымында, аталган эл аралык уюмдардын президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге жана Юстиция министри Курманбек Осмоновго Рамазан Дырылдаевди куугунтуктоону өтүнүп кат жолдогонуна эч негиз жок болчу. Болот Тыналиевдин пикири боюнча, эл аралык уюмдар Рамазан Дырылдаевдин курулай сөзүнө ишенип, коомдук уюмдун ички ишине өлкө жетекчилерин кийлигиштирип жатат. «Рамазан Дырылдаев быйыл 11-майда комитеттин конференциясын уюмдун уставын бузуу менен өткөргөн жана анын чечимин Юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөн эмес», - дейт Болот Тыналиев.

XS
SM
MD
LG