БИШКЕК. Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин кармалышын көпчүлүк кыргызстандыктар кубаттоо менен кабыл алышты. Мисалы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, генерал Исмаил Исаков 8 айдан бери жашырынып жүргөн Саддам Хусейндин колго түшүшүн АКШнын чалгындоо кызматынын жетишкендиги деп баалады:Американын чалгындоо кызматы ошол максат менен иштеп жүрбөдү беле? Анын натыйжасы болуп, колго түшүрүштү.
Ал эми Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков кыргыз бийлиги бул окуяга саясий баа берип, атайын билдирүү жасаарын жана Саддам Хусейн өзү жасаган күнөөсүнө жараша жазаланаарын билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуман уулу болсо «Саддам Хусейн болобу же башка саясатчы болобу, адамзатка каршы кылмыш жасаган адам мыйзам алдында да , Кудай алдында да эртеби-кечпи жооп берет» деп билдирди. Ошону менен бирге, Мураталы ажы Жуман уулу Ирактагы окуяларга ислам динин аралаштырбоо керектигин айтты: Бул -Америка менен Ирактын ортосундагы саясий оюн. Аны эч качан динге жана исламга байланыштырбаш керек.