Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Турсунбек Акун Бишкек шаардык сотуна кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун бүгүн Бишкек шаардык сотуна «Агым» гезитинин кожоюну Мелис Эшимкановго каршы доо арыз менен кайрылды. Анда укук коргоочу «Агым» гезитине өткөн аптада жарыяланган Мелис Арыпбек уулунун маегинде «менин ар-намысыма шек келтирген маалыматтар айтылган» деп көрсөтөт. Укук коргоочу өз пайдасына гезиттен 5,5 млн. сом, Мелис Эшимкановдон 3 млн. сом, Мелис Арыпбек уулунан 1 млн сом, ал эми маекти алып барган Жаныбек Жанызактан 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Буга чейин Мелис Эшимканов Турсунбек Акунду жана анын макаласын жарыялаган «Аалам» гезитин сотко берген жана ал маселе учурда шаардык соттун кароосунда турат.

XS
SM
MD
LG