Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Ысыккөлдүн мектептеринде көмүр жетишсиз


КАРАКОЛ. Облус аймагындагы от жагылуучу мектептерге быйыл 5600 тонна көмүр керектеле турган болсо, бүгүнкү күндө анын 3318 тоннасы гана даяр. Абал айрыкча Аксуу, Жетиөгүз райондорунда начар. Маселен, Аксуу районундагы мектептердин 18% гана көмүр менен камсыз болгон. Агартуу тармагынын кызматкерлеринин пикирлерине караганда, айрым мектептерде кыш чилдесинде сабак өтүүгө жана толук кандуу билим алууга мүмкүнчүлүк жок. Мунун айынан сабактар үзгүлтүккө учураган фактылар жок эмес. Ал эми облус губернатору Токон Шайлиеванын облустун активи менен жолугушуусунда айткандары боюнча, мындан ары от жагылбаган, жылуулук берилбеген мектептердин болушу мүмкүн эмес. Анткени келечек муундарга талаптагыдай шарт түзүп бере алышпаган тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги мындан ары катуу суралат.

XS
SM
MD
LG