Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Базаркоргондун Акман айылынын 11 миң тургуну суусуз калды


ЖАЛАЛАБАД. 11 миң калк жашаган Акманга соңку 2 айдан бери суу берилбей калды. Айылдын эли «Караүңкүр суусу эмне үчүн Өзбекстанга бекер агышы керек да, биз эмне себептен суусу жок отурушубуз керек?» деген суроону облустун бийлигине койду. Айылдын тургундары Азия өнүктүрүү банкынын «Таза суу» долбоорунун алкагында 259 миң сом чогулткан. Облустук суу чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, суу чыгаруу үчүн баштапкы техникалык жумуштарга 2,5 млн. сом зарыл. «Акман айылы дагы 1,5 млн. сом карыз, ошондуктан аларга Караүңкүр суусу берилбей жатат», деп кабарлашты суу башылар.

XS
SM
MD
LG