БИШКЕК. «Атуулдук коом корупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова Вашингтондо өткөн глобалдык аялдар форумуна катышып келди. Исмаилованын айтымында, форумда аялдардын саясий партиялар аркылуу бийликке келүүсү жана шайлоолорго катышуусу талкууланып, аракет-план кабыл алынды. Форум АКШнын Улуттук демократиялык институнун башчысы Мадлен Олбрайттын жетекчилиги менен өттү.