Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Коррупцияга каршы күрөшкүсү келген Кыргызстан


БИШКЕК. Кыргызстан БУУнун коррупцияга каршы конвенциясына кол койду. Мындай маалыматты бүгүн Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги таратты. Конвенцияга Мексиканын Мереда шаарында өткөн Саясий конференция маалында Кыргызстандын атынан АКШ менен Канададагы элчи Бактыбек Абдрисаев кол койгон. Коррупцияга каршы конвенцияга КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп Украина жана Орусия менен тең катар кошулду. Эми ал БУУга мүчө 30 мамлекетте ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG