Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жиберди


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-декабрда Жалалабад облусунун Аксы районунда болгон окуяга байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Анда өзбек тарап ырасмий Бишкекке маалымдабай туруп, Аксы районунун аймагында Кыргызстандын атуулу Алымбек Батыралиевди кармоого аракет жасаганы тынчсызданууну жаратат деп белгиленген. Нотада, акыркы кезде көп орун ала баштаган мындай окуялар эки мамлекеттин ортосунда 1996-жылы кол коюлган «Түбөлүк достук» жөнүндө келишимдин принциптерине жана маанайына каршы келээри дагы бир жолу эскертилген. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG