Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Депутаттардын көбү «партиялык тизмени» жакташат


БИШКЕК. «Партиялык тизме» менен шайлоо системасын калыбына келтирүү боюнча Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 75 депутаты жактап, колдорун коюп беришти. Алардын ичинде Мыйзам чыгаруу палатасынын 45, Эл өкүлдөр жыйынынын 30 депутаты бар. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, эми мыйзам долбоору эки палатанын төрагаларына тапшырылмакчы. Төрагалар болсо Конституциялык сотко кайрылып, анын тыянагын алууга тийиш. Эгерде сот оң чечим кабыл алса, парламент мыйзам долбоорун кароого киришет.

XS
SM
MD
LG