Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Кипрдин түрк бөлүгүндө парламенттик шайлоо өттү


Кипр. Кипрдин түрктөргө тиешелүү бөлүгүндө парламенттик шайлоо аяктады. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, кипрдин оппозициясы парламенттеги орундун жарымын ээлемекчи. Анткени шайлоо алдында оппозициядагылар түрк тарабындагы Кипрди гректер тарабы менен кошуу тууралуу демилге көтөрүп чыгышкан. Ал эми алардын атаандашы, Кипрдеги түрк лидери Рауф Денкташ шайлоочулардын азыраак добушуна ээ болду. Анткени Денкташ Бириккен Улуттар Уюмунун Кипрди кошуу планына каршы чыккан.
1974-жылы Кипр аралына Түркиянын куралдуу күчтөрү киргизилип, арал түрк жана грек тарабына бөлүнгөн. Келээрки жылы май айында Кипрдин гректик бөлүгү Европа биримдигине мүчө болуп кирүүсү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG