Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:16

Пакистандын атайын кызматтары президент Первез Мушаррафка кол салуу аракетинин чоо-жайын иликтеп жатат


Кеминде жети адам, анын ичинде үч полицей камакка алынды. Пакистан бийликтеринин маалыматына караганда, кечээ Равалпинди шаарындагы көпүрөлөрдүн биринде президенттин кортежи өткөндөн бир нече секунддан кийин эки жарылуу болгон. Эч ким жабыр тарткан жок. Президент Мушарраф жергиликтүү телекөрсөтүүгө берген маегинде окуяны төмөнкүчө баалады:
- Мен жарылууну машинамдын ичинен сездим. Бул террордук акт жана албетте мага каршы багытталганынан башка мен ушуну гана билем
Бул - Пакистан АКШ жетектеген антитеррордук коалицияга колдоо көргөзгөндөн бери президент Мушарафдын өмүрүнө кол салуу үчүн жасалган экинчи аракет.

XS
SM
MD
LG