Оогандардын жалпы улуттук жыйыны ишин кечээ баштаган. Ал өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун талкуулап, кабыл алышы керек. Кечээ Ооганстандын мурдагы президенти Сигбатулла Можадеди Лоя Жырганын төрагасы болуп шайланды. Бүгүн анын эки орун басары бекитилди. Мурдараак ооган президенти Хамид Карзай Лоя Жырганын жыйыны он күндүн ичинде бүтүшү керек деп болжолдогонуна карабай, Конституция боюнча талкуу бир нече жумага созулаары күтүлүүдө.