Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:28

Азербайжан Гейдар Алиевди акыркы сапарга узатты


Мурдагы президентти акыркы сапарга узатуу каадасына миңдеген азербайжандыктар, бир нече өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышты. Алардын арасында орус президенти Владимир Путин, украин президенти Леонид Кучма, казак президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер, өкмөт башчысы Режеп Эрдоган, Грузиянын президентинин милдетин аткаруучу Нино Буржанадзе, Ирандын вице-президенти Реза Ареф, АКШдан Мамлекеттик катчынын орун басары Элизабет Жонус болду. Орус президенти Путин кабарчылар менен болгон маегинде төмөнкүлөрдү белгиледи:
- Гейдер Алиевич чынында Орусиянын улуу досу эле. Биз муну сезгенбиз жана жогору баалайбыз. Биздин жана Азербайжандын азыркы президентинин алдында башка милдет – эки өлкөнүн ортосунда Гейдар Алиевич Алиев түптөгөн мамилени чыңдоо милдети турат.
Азербайжан менен жер талашы бар коңшу Армениянын президенти Роберт Кочарян көңүл айтуу жөнөттү, бирок аза күтүү иш чарасына катышкан жок. Гейдар Алиевдин сөөгү Бакудагы көрүстөнгө мындан 18 жыл мурда каза болгон жубайы Зарифа Алиеванын бейитинин жанына коюлду.

XS
SM
MD
LG