Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази, дүйшөмбү күнү Мадридде журналисттер менен өткөргөн маалымат жыйынында: “Иран Ирак менен чектешкен аймактарды катуу көзөмөлгө алат,” - деп билдирди. Харразинин айтымында, Иран өкмөтү Ирак тараптан америкалыктарга каршы согушчандардын Иранга өтүп келүүсүн токтотууга жана чек араларды катуу кайтарууга кошумча аскер күчтөрүн бөлүп, көзөмөлдү күчөтөт. Буга чейин бир курдай Иран аскерлери чек арадан мыйзамсыз өтүп келген ирак атуулдарын кармап алып, Ирактагы күрт бийликтерине өткөрүп берген.