Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ КАЙРЫЛУУ ДАЯРДАГАН ЭМЕС


БИШКЕК. 16-ДЕКАБРЬ. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары президент Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө калуусун өтүнгөн кайрылууну даярдап жатат деген маалымат чындыктан алыс, - деп билдирди бүгүн парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Валерий Диль. Анын айтымында, бул - өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн чагымы. Эл өкүлдөр жыйынында мындай аракеттин байкалбаганын палатадагы оппозициялык маанайдагы депутат Исхак Масалиев да ырастады. Анын пикиринде, мындай сөздөр Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун суроосуна жооп бергенден кийин чыгып жатат. Комитеттин жообунда президент Аскар Акаев конституциянын жаңы редакциясы боюнча кезектеги жолу президенттик шайлоого талапкер катары катыша алат деп айтылган эле.

Алатоо кабарларын Бишкекте Айданбек Акмат уулу менен Бүбүкан Досалиева даярдашты

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG